Бугу 13, 2024
Убакыт: 14:45
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Салык кызматы унааларынын салыгын төлөбөгөн айдоочуларга рейд жүргүзүүдө

20.09.2021 11:39
1128
Салык кызматы унааларынын салыгын төлөбөгөн айдоочуларга рейд жүргүзүүдө

Мамлекеттик салык кызматы КР ИИМдин Жол коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте салык төлөнбөгөн унаа ээлерин аныктоо боюнча рейддик иш-чара өткөрүүдө.


Салык кызматынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, быйылкы жылы унаа салыгын төлөө мөөнөтү 1-сентябрда аяктаган.


Мыйзамга ылайык, салыкты өз убагында төлөбөгөндүк үчүн 2000 сом өлчөмүндө административдик айып каралган. Мындан тышкары, салык төлөөнүн ар бир өткөн күнүнө туум эсептелет.


Салык кызматы унаа салыгын төлөбөгөн авто ээлерин туумдун эсептелишин болтурбоо үчүн азыр төлөөгө чакырат.


Белгилей кетсек, рейддер салык төлөбөгөндөрдү жазалоо максатында гана эмес, калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн да өткөрүлүүдө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн