Чын курандын 10, 2025
Убакыт: 03:50:33
USD
87.30
87.80
EUR
96.00
97.00
RUB
1.000
1.040

Салык кызматынын 2 кызматкери 20 миң доллар пара менен кармалды

09.03.2020 12:14
809
Салык кызматынын 2 кызматкери 20 миң доллар пара менен кармалды


Мамлекеттик салык кызматынын 2 кызматкери 20 миң доллар пара менен кармалды.  Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан кабарлашты. 


Маалыматка ылайык, буга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине жеке компаниялардын биринин бухгалтери Мамлекеттик Салык кызматынын өкүлдөрү андан пара талап кылып жатканын айтып арыз менен кайрылган. Анын алкагында атайын иш аракеттер жүргүзүлүп,  6-март күнү Мамлекеттик салык кызматынын Бишкек шаарынын Ленин районуна караштуу бөлүмүнүн Н.Ш. жана С.Р. аттуу кызматкерлери 20 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалган. 


Ошондой эле маалыматта пара талап кылууга айыпталып кармалган шектүүлөр жалпы 25 миң доллар талап кылып, ага чейин 5 миң долларды алууга жетишкендиги айтылат.  


Бул иштин алкагында аталган 2 шектүүнүн иш орундары текшерүүгө аланып, алар буга чейин жүргүзүп келген иштери да текшерилип жатат.  


Мындан сырткары бул факты боюнча 326- берененин 2-бөлүмү (опузалап пара талап кылуу) менен кылмыш иши козголуп, учурда сотко чейинки териштирүү иштери башталган. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн