Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 08:13
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Салык кодексине өзгөртүүлөр киргизилди

26.08.2020 09:24
993
Салык кодексине өзгөртүүлөр киргизилди

Президент Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. 

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2020-жылдын 25-июнунда кабыл алынган.

Аталган Мыйзамдын максаты — алтын камтыган казындыны, алтын камтыган концентратты, алтын эритмесин жана аффинаждалган алтынды казып алуу жана сатуу боюнча иштерди жүргүзгөн тоо кендерин казып алуучу жана тоо кендерин кайра иштетүүчү ишканаларга киреше салык салуу боюнча Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарын жакшыртуу, ошондой эле роялти салыгынын базасын жана анын ставкасын тактоо болуп эсептелет.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып эки ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн