Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 13:15
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Салыктык текшерүүнү токтотуу үчүн пара берген чет өлкөлүк жаран кармалды

25.05.2023 10:04
346
Салыктык текшерүүнү токтотуу үчүн пара берген чет өлкөлүк жаран кармалды

Чет элдик жаран кызмат адамына пара берип жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.


Маалым болгондой,  23-майда Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерине ишкердик субъектисинин ишмердүүлүгүн текшерүүнү токтотуу үчүн пара берүүгө аракет кылып жаткан учурда чет элдик жаран К.А. кармалды.


Кармалган К.А. кампалардагы товарлардын калдыктарынын суммасын азайтуу максатында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерине 150 миң сом өлчөмүндө акча каражатын пара катары берүүгө аракет кылган.


Кармалган жаран КР УКМКнын тергөө абагына киргизилди.


Азыркы учурда тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн