УКМК Кумтөр боюнча Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Сергей Ибрагимовду суракка алды. Бул тууралуу 24.кг агенттиги өздүк булактарына таянып билдирди.
Маалым болгондой, Ибрагимов 2009-жылы "Центерра" менен түзүлгөн келишим боюнча сурак берген. Ал убакта Ибрагимов "Ак жол" партиясынан депутат болуп турган.
"Сергей Ибрагимов 100 миллион сом мамлекетке которгон. Бул акча кылмыш ишинин алкагында төлөнгөн эмес.
Кумтөр боюнча экс-депутаттар Гусаров Игорь менен Турсунтай Салимовдор да сурак берген",- деп айтылат маалыматта.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн