Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 05:51
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Самара Каримованы Жогорку Кеңештин депутаты колдоп чыкты

14.01.2021 17:24
2352
Самара Каримованы Жогорку Кеңештин депутаты колдоп чыкты
... Самара ийгиликтүү айымдардын катарын толуктайт. Үй-бүлө менен чыгармачылыкты бирдей алып жүрүү, ошол эле учурда ар тараптуу иштерди жасоо оңой эмес. Билими, акылы, баскан-турганы, адеби, жөнөкөйлүгү айтор, төрт тарабы шайма-шай. Үй бүлөсүн аздектеп, мээримдүү жубай болуу, ошол эле учурда өзүн да алып жүрүүсү башкаларга үлгү. Манас түрк окуу жайын бүтүргөн. Бу окуу жайда окугандар билимдин күчү, касиети кандай экенин жакшы билишет. Жаш экенине карабай ар дайым изденүү, умтулуунун үстүндө.


... Бирок, бир байкаганым Самараны ыгы келсе, келбесе да жаманаттылап, каралап жан сактагандар көп. Же ал ууру болбосо, же мамлекетти тонобосо, же киши өлтүрбөсө, болгону "тажрыйбамды, кызматымды элге жумшайын" деген энергиясы күч карапайым эле кыргыздын кызы да. Биздин кызыбыз, талантыбыз. Аракетчил. Аракетинен дайыма майнап чыгарат. Иштерман.


... Энесиндей аялдар ажылдап, эркектер жер тепкилеп жатышат. Атайын уюштуруу бардай. Катуу даярданышыптыр. "Жардам берели, кол суналы, иштеп көр, иштей албасаң бизге таарынба" деген эже-агалар жөн эле чарылдайт го.
... Акыркы жылдары колунан эч нерсе келбей, көчөдө кыйкырып жүргөндөр эле кызмат мыкчып отурат. Ага караганда Самара кызыбыз элине жөнөкөйлүгү, адамкерчилиги, таланты ж.б. сапаттары менен элге алынган. Өзүнө жетмек тургай ашкан оокаты бар. "Элимдин колдоосу менен ушу зоболого жеттим" деп ар дайым айтып келет. Пандемияда да жөн отурбады. Өз каражатынын далайын жумшап муктаждарга кол сунду.


... Тепкилей бербей андан көрө мактап иштетип, алдап күчүн алышса болмок. Мен Самара барган жерин гүлгө айлантаарына ишенем. Акылгөй, айкөл, калыс эл шанс берип, колдоп, коштош керек. Кыздары кыйын кыргыздын...

Жылдыз Мусабекова, ЖК депутаты

Пикирлер (2)

Коопсуздук коду
Каныкей Акимова
Самараны колдош керек. Жаштарды колдош керек. Мен Самараны колдоймун. Азаматтсын Самара.
Pikirim jok bularga.
Pikirim jok bularga