Самаркандда 7-11-август күндөрү "Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин аймактарынын иштиктүү өнөктөштүк жумалыгы" өтөт. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан жазды.
Иш-чаранын максаты — ШКУ мамлекеттеринин бизнесмендеринин ортосундагы байланышты өнүктүрүү, экономиканын түрдүү багыттары боюнча кызматташууну талкуулоо, өндүрүш кооперацияларынын жаңы долбоорлорун жана соода келишимдерин иштеп чыгуу.
Иш-чаранын алкагында пленардык жана панелдик сессиялар, электрондук коммерция, жашыл экономика, транспорт жана логистика, санариптик трансформация, аймактар аралык кызматташуу, инвестиция, өнөр жай кооперациясы сыяктуу темаларга багышталган B2B- жана G2B- форматындагы сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн