Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 23:34
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Самаркандда ТМУга мүчө өлкөлөрдүн башчылары бир катар документтерге кол койду (тизме)

11.11.2022 15:09
366
Самаркандда ТМУга мүчө өлкөлөрдүн башчылары бир катар документтерге кол койду (тизме)

Самарканд шаарында Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) катышуучу-өлкөлөрдүн башчыларынын Саммитинин тогузунчу жыйынынын жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду.


Уюмга мүчө-мамлекеттер — Кыргыз Республикасынын, Азербайжан Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Түрк Республикасынын, Өзбекстан Республикасынын башчылары төмөнкү документтерге кол коюшту:


— Түрк мамлекеттер уюмунун 9-Саммитинин Самарканд декларациясы;


— «Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтыгынын Кеңешин түзүү боюнча Нахичевань макулдашуусуна» өзгөртүү киргизүү жөнүндө протокол;


— «Түрк мамлекеттер уюмунун процедуралар эрежеси» жөнүндө чечим;


— «Түрк мамлекеттер уюмунун соодага көмөктөшүү стратегиясы» жөнүндө чечим;


— «Түрк мамлекеттер уюмунун Башкы катчысын дайындоо» жөнүндө чечим;


Ошондой эле төмөнкүдөй чечимдер кабыл алынды:


— Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө-мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосундагы эл аралык бириктирилген ташуулар жөнүндө макулдашуу жөнүндө;


— Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө-мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосундагы бажы коридорун жөнөкөйлөтүү боюнча макулдашуу жөнүндө;


— Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө-мамлекеттердин тиешелүү мекемелеринин ортосундагы персоналды башкаруунун санариптик системалары боюнча өз ара түшүнүшүү меморандуму жөнүндө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн