Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 13:30
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Самынданып Ысык-Көлгө түшкөн пакистандыктарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

09.09.2021 18:01
839
Самынданып Ысык-Көлгө түшкөн пакистандыктарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү


 Ысык-Көл районунда милиция кызматкерлери чет өлкөлүк жарандар арасында алдын алуу иштерин жүргүзүшүүдө. Бул тууралуу аймактын ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.


Милициянын маалыматына ылайык, социалдык тармактарда Пакистандын эки жараны Ысык-Көлдүн жээгинде самынданып жуунуп жатканы тартылган видео тараган. Аталган видео социалдык тармактарда коомчулуктун арасында терс пикирлерди жараткан.


Ушуга байланыштуу Ысык-Көл райондук ИИО кызматкерлери аларга тушүндүрүү иштерин жүргүзүшүп, көлдө самынданып жуунууга болбой турганын айтышкан.


Мындан тышкары, чет өлкөлүктөргө санитардык-эпидемиологиялык эрежелерин жана сууга түшүүдө коопсуздук чараларын сактоо эскертилди.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн