Санариптик өнүктүрүү министри Талантбек Иманов калыкты каттоо департаментинде миллиарддаган сом зыян келтирилгенин айтып чыкты.
Министрдин айтымында, калкты каттоо департаментинде "паспорт мафиясы" күнү-түнү токтобой иштеп турат.
"Мен 15-февралда кызматка кириштим. Мен ишке киришкенден тарта "паспорт мафиясы" менен каршылаштым. Ал калкты каттоо департаментинде күнү-түнү токтобой иштеп турат.
Мен муну менен аягына чейин күрөшүүгө бел байладым. Ал коррупция ачыктан-ачык эле ишке ашып, мамлекетке миллиарддаган сом зыян алып келүүдө.
Билем, бул кайрылуу кургак эмес. Менин колумда таза фактылар бар",- деди министр.
Ошондой эле Иманов бул кайрылуусунан кийин ага карата каралоо күч аларын кошумчалады.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн