Бугу 03, 2024
Убакыт: 20:47
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Санариптик өнүктүрүү министрлиги Meta Platforms менен кызматташат

06.06.2023 12:36
276
Санариптик өнүктүрүү министрлиги Meta Platforms менен кызматташат


Санариптик өнүктүрүү министрлиги айрым социалдык медиа контенттерин бөгөттөө үчүн Meta Platforms менен кызматташат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Байланыш тармагын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын директору Жибек Абдуллаева билдирди.


Эл өкүлдөрү Жамиля Исаеванын социалдык тармактарда жана массалык маалымат каражаттарында балдарга зыяндуу маалыматтарды жарыялоого тыюу салган мыйзам долбоорун карап жатышат.


Депутат Тазабек Икрамов министрлик социалдык тармактарга кандай чектөөлөрдү киргизе аларын жана мыйзам долбоору кандай ишке ашарын сурады.


"TikTok, Instagram, WhatsApp, Facebook Meta уюмунун бир бөлүгү болуп саналат. Бул компания менен келишим түзүшүбүз керек. Андан ары биздин өлкөдөн англис тилин жакшы билген беш адам тандалып алынып, аларга Meta'дан айрым баракчаларды жабуу укугу берилет. Эгерде Маданият министрлиги тигил же бул маалыматты туура эмес деп тапса, анда бул беш адам көрсөтүлгөн контентке чектөө коюуга укуктуу”, - деп жооп берди Жибек Абдуллаева.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн