Бугу 16, 2024
Убакыт: 02:41
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Санкт-Петербург шаарында 27 кыргыз жараны тамакка ууланды

06.10.2022 12:10
318
Санкт-Петербург шаарында 27 кыргыз жараны тамакка ууланды

Санкт-Петербург шаарындагы "Прайдекс" курулуш фирмасында иштеген Кыргызстандын 27 жараны ууланып ооруканага жаткырылды.


"Аталган фирма жумушчуларды жатакана жана үч маал тамак менен камсыз кылган жана кыргызстандык жарандар Лахта-Борбордогу курулушта иштеп жаткан. Учурда ууланган жарандар Боткин атындагы инфекциялык ооруканада жатат. Алдын ала маалыматка караганда, алардын абалы канааттандырарлык. Роспотребнадзор текшерүү жүргүзүп жатат. Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин кызматкерлери окуянын чоо-жайын тактоодо", - деп айтылат Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги тараткан маалыматта.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн