Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков Фейсбук баракчасы аркылуу кыска билдирүүлөрдү жаза баштады. Москва, Кремль деген аймакка басым жасап (ошол жерде турганын белгилеп) пост жазган Исаков жакында чындык жарк этип такталарын айткан.
“Урматтуу мекендештерим! Эртели кеч чындык жарк этип такталат, мен ишенем сөзсүз акыйкат орнойт”, - деген ал.
Ошондой эле дагы бир билдирүүсүндө Райымбек Матраимовду ууру деп айыптаган. “Райымбек Матраимовдун ууру экенин 2017-жылы тактап, 2018-жылы кызматтан алынган. Азыр уурулугу такталып, камакка алынды, учур, убакыт баарын өз ордуна коёт”, - дейт Исаков.
Пикирлер (6)