Чын курандын 24, 2024
Убакыт: 13:03
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

Сапар Исаков шаардык сотко катышуудан баш тартууда

20.01.2020 15:23
790
Сапар Исаков шаардык сотко катышуудан баш тартууда

Бишкек шаардык соту 20-январда баш калаанын Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) оңдоп түзөөдөгү коррупция боюнча айыпталгандардын апелляциялык арызын кароону баштады. Бул иш боюнча 15 жылга соттолгон мурдагы премьер-министр Сапар Исаков сотун отурумдарына катышуудан баш тартууда. Ал өзүнүн мындай кадамын соттордун өз алдынча чечим кабыл аларына ишенбей турганы менен түшүндүрүүдө.  

Сапар Исаков сотко адвокаттарынын катышуусу жетиштүү болорун белгилеп, бирок адилеттик үчүн күрөштү токтотпой турганын билдирди. Аталган сот ишине судья Ирина Воронцова төрагалык кылууда.

6-декабрда Бишкектин Свердлов райондук соту бул иш боюнча айыпталуучулар, мурдагы премьер-министр Сапар Исаковду жана «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиевди 15 жылга кескен.

Сот чечими менен «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов 11 жыл 3 айга, мурдагы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев 7 жыл 6 айга эркинен ажыратылган.

Ал эми «Электр станциялары» ишканасынын жетекчисинин мурдагы орун басары Жолдошбек Назаров менен ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов жаза мөөнөтүн тергөө абагында өтөп коюшкандыктан зот залынан бошотулган.

Мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаевге 5 миллион сом, мурдагы финансы министри Ольга Лавровага 3 млн. сом айып салынган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн