Бугу 19, 2024
Убакыт: 23:55
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Сауд Аравия Кыргызстанга 500 миң долларлык жардам көрсөттү

14.07.2021 08:57
852
Сауд Аравия Кыргызстанга 500 миң долларлык жардам көрсөттү

Сауд Аравия Падышалыгы Кыргызстанга коронавируска каршы күрөшүү үчүн 500 миң долларлык жардам көрсөттү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.


Белгилүү болгондой, жардам Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова тарабынан кабыл алынды. Падышалык коронавируска каршы күрөшүү үчүн аталган суммага ылайык, маска жана медициналык коргоочу каражаттарды тапшырган.


Жылдыз Бакашова Сауд Аравия Падышалыгына көрсөткөн жардамы үчүн терең ыраазычылык билдирди.


"Азыркы учурда эки тараптуу кызматташтык жакшы маанайда өнүгүп жатат. Сауд Аравия Кыргызстандын тышкы саясатындагы маанилүү өнөктөштөрдүн бири.

Эки өлкө ортосундагы мындай жылуу мамиле мындан ары да өнүгө бере тургандыгын баса белгилейм",- деди Бакашова.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн