Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 01:43
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Сауд Аравиянын Кыргызстандагы элчиси муктаж 100 үй-бүлөгө жардам берди

15.04.2020 15:26
935
Сауд Аравиянын Кыргызстандагы элчиси муктаж 100 үй-бүлөгө жардам берди


Сауд Аравиянын Кыргызстандагы элчиси Абдурахман бин Саид Аль Жума муктаж үй-бүлөлөргө жардам берди. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров өзүнүн социалдык тармагындагы баракчасына жарыялады.


Билдирүүгө караганда бул жардам элчиликте иштеген кызматкерлер тарабынан каржыланган.


"Буга чейинки берилип келген жардамдар мамлекетибиздин, кайрымдуу фонддорубуздун атынан болуп келген. Ал эми муну биздин элчиликте иштеген жеке кызматкерлердин атынан 100 муктаж үй-бүлөлөргө арнадык. Биз Кыргызстандагы кырдаалга кайдыгер эмеспиз", - деп айткан элчи.




Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн