Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 01:21
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Саясатчылар түшүргөн өлкө имиджин спортчуларыбыз көтөрүүдө

17.12.2020 10:38
930
Саясатчылар түшүргөн өлкө имиджин спортчуларыбыз көтөрүүдө


Жалаң саясат менен алпурушуп отуруп, 30 жылга чукул убакытта Кыргызстандын кадыр-баркын өзүбүз бир топ тепсендиде калтырдык. Кыргызстандын тактан кулаган президенттерин кантип качырып, кантип бизди жарандык согуштан сактап келгенин айтып, биздин ансыз да байкуш абалыбызга эл аралык деңгээлде андан да ашыгыраак боек сүрткөн боордошторубуз чыгууда. Өзүбүздү өзүбүз сыйлабасак, жалаң бийлик талаш, так талаш менен алпурушуп, экономикабызды, маданиятыбызды өзүбүз талкалап жатсак, анан башкалар бизди сыйламак беле? 


Азыр да өлкөдөгү саясий абал туруктуу эмес. Саясий абалдын турукташышы алдыда өтө турган президенттик шайлоонун канчалык деңгээлде ачык-айкын, адилеттүү өтө турганынан көз каранды. Андыктан дагы деле маалымат каражаттарында, интернеттеги социалдык түйүндөрдө жалаң саясий акыйлашуулар күчөп турат. Мурдагы шайлоолордун алдында айтылып келчү убадалар дагы деле кайталанып, баягыдай эле «бажырайган» портреттер көчөлөргө илинди. Ал убадалардын аткарылып кетерине элдин ишеними ойгонбой да калды. Аткарыла турган жолун так, даана көрсөткөн бир да талапкер жок. 


Ушундай саясий оор абалда, үмүттүн билигин жандырар себеп жок болуп жатканда кыргыз спортчулары өлкө имиджин эл аралык деңгээлде биринен сала ийгилик жаратуу менен көтөрүп салышты. Кыргыздын чыгаан кызы, балбан Айсулуу Тыныбекова 15-декабрда кыз-келиндер күрөшү боюнча Сербияда өтүп жаткан дүйнө кубогунда алтын медаль тагынды. Ал финалдык кармашта латвиялык Анастасия Григорьеваны 14:0 эсебинде таза утуп алды. Ошентип буга чейин дүйнө чемпиону аталган Айсулуу Тыныбекова эми дүйнө кубогунун да чемпиону аталды. Бул дүйнө кубогунда балбан кызыбыз өзүнүн өтө мыкты даярдык менен барганын көрсөттү. Ал алгач румыниялык балбан Крисца Тунде Инцени 10:0, чейрек финалда түркиялык Кансу Аксойду да 10:0 эсебинде жеңген. Жарым финалдык беттеште россиялык Любовь Овчарованы 13:2 эсебинде утуп, финалга чыккан. Финалда таптаза жеңиш менен алтын медаль тагынып отурат. 


Эртеси 16-декабрда дагы бир балбан кызыбыз Мээрим Жуманазарова да ушул эле дүйнө кубогунда алтын медаль тагынды. Ал 68 килограммга чейинки салмактагы күрөштө чехиялык Адела Ханзликованы 8:2 эсебинде жеңди. Ага чейин белоруссиялык жана украиналык балбан кыздарды утуп финалга чыккан. 


Ошол эле күнү балбан кызыбыз Айпери Медет кызы 76 килогарммга чейинки салмактагы күрөштө дүйнөлүк кубоктун коло медалынын ээси болду. Ал 3-орун үчүн таймашта россиялык Екатерина Букинаны 11:8 эсебинде утуп алды. 

Ошентип кыргыздын балбан кыздары Дүйнө кубогунда Кыргызстан үчүн үч медалды алды. 


Ушул эле 12-декабрда башталган дүйнө кубогунда грек-рим күрөшү боюнча беттештерде 60 килограммга чейинки салмакта балбан Жоламан Шаршенбеков алтын медаль, 72 килограммга чейинки салмакта балбан Руслан Царев менен 63 килограммга чейинки салмактагы балбан Калы Сулайманов коло медаль тагынышкан. 


Акыркы убактарда маанайы чөгүп турган кыргызстандыктарды кубанткан, көңүлдүн билигин жандырган балбандарыбыз бар болгула! Өз эли, өз мамлекети үчүн куру убадаларды кат-каттап бербей эле иш жүзүндө эмгектенип көрсөтсө боло турганын силер анык далилдеп жатасыңар.


Сагынбек Сатыкеев

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн