Бугу 04, 2024
Убакыт: 09:19
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Саясий партия негиздеп, шаардык кеңешке депутат болгон Эрк Орозбаевдин турмуш жолу

18.08.2020 14:47
4485
Саясий партия негиздеп, шаардык кеңешке депутат болгон Эрк Орозбаевдин турмуш жолу


Өлкөнүн түндүгү менен түштүгүн бириктирген кан жолдун боюнда, Нарын дарыясынын оң тарабында,  жайы ысык, кышы жылуу, кучагы кең, тоосу толо кен болгон Таш-Көмүр шаары орун алган. Кылым карыткан тарыхы бар бул шаар жүздөгөн уул-кыздарын эрезеге жеткирип, уядан учурган. Алар кезинде Кыргызстанга кызмат кылган, мамлекеттин маданий, коомдук-саясий жактан өсүшүнө өз салымдарын кошушканы тарых тактасында жазылуу. Азыркы сөз, ошол улуулардын учугун улаган, кыргыздын дагы бир чыгаан уулу Эрк Орозбаев тууралуу болмокчу.


«Кыргыз Жаш Күч» КБнын төрагасы, «Таш-Көмүр жаштары» саясий партиясынын негиздөөчүсү жана төраганын орун басары, Таш-Көмүр шаардык кеңешинин депутаты,  Таш-Көмүр шаарынын «Кол күрөш» федерациясынын президенти, ишкер, меценат Эрк Орозбаевдин балалыгы дал ушул биз сөз кылган шаарда өткөн.


"Турмушумда бир нече ирет чет жакка чыгып кетип, мындан да бийик даражага жетүү мүмкүнчүлүгү болгонуна карабастан, мен кичи мекеним Таш-Көмүрдү, Шамалды-Сайды, Кызыл-Жарды башка нерсеге алмаштырууга жүрөгүм дааган жок", - деген Эрк Орозбаев бүгүн Таш-Көмүр, Шамалды-Сай, Кызыл-Жар элинин сыймыктуу уулу.


1991-жылы, Кыргызстан эгемендикке ээ болгон күндүн эртеси Эрк Орозбаев Таш-Көмүр шаарындагы  Кожобек Күзөмбаев атындагы №7  мектеп-гимназиясынын босогосун аттаган. Ал жакта алты жыл окуп, шартка байланыштуу 7-классты Николай Островский атындагы орто мектептен уланткан. Андан соң Токтогул Сатылганов атындагы №4 гимназияга которулуп, ушул жерден окууну аяктаган. Мектеп жашында эле алдыга умтулуу, изденүүнүн үстүндө жүргөн Эрк мырза спортто, билимде, ар кандай сынактарда ийгиликтерди жаратып, физика сабагынан 3 жолу шаардык олимпиадада 1- орунду ээлеген.


Ийгилик тизгини илимдүү адамдардын колунда болоорун аңдаган Эрк Орозбаев Исхак Раззаков атындагы КМТУнун «Информатикада автоматтык башкаруу» кесиби боюнча окууга тапшырган. Ошол учурда, «бийик максат, тилектерди артынып, ага жетүүдѳ тоодой тоскоолдуктарга туруштук берем деп келген жаш баланы турмуш жакшы эле ийледи», - деп эскерет. Окуу акысы, турмуш-шарттын оордугунан орто жолдо сырттан окуу бөлүмүнө которулууга аргасыз болуп, окууну 2006-жылы аяктаган. Андан соң Президенттин алдындагы мамлекеттик башкаруу академиясынан «Мамлекеттик саясатты башкаруу» бѳлүмүндѳ магистрдик даражага ээ болгон.




Таш-Көмүр элинин, шаарынын жашоо-турмушун, көйгөйүн ичтен жакшы билип, болуп жаткан терс көрүнүштөргө каршы туруп, элдин турмушун жакшыртууну колго алууну көздөгөн Эрк Орозбаев коомдук-саясий иштерге активдүү аралашат. Ал 2016-жылы «Таш-Көмүр жаштары» саясий партиясын негиздейт. Партиянын курамын бир максат, бир идеяга бириккен таза, мекенчил жаштар түзүп, алгач ирет Таш-Көмүр шаардык кеңешине катышат. Бул жаңы түзүлгөн партиянын алгачкы аламанга аттануусу эле. Бул сапар жеңишке жетишүү мүмкүнчүлүгүнөн ажырайт. Жеңишке жеткен партиялар шаардык кеңештин төрагасын шайлай албай, акырында тарап кетишет. Шаардык кеңешке кайра шайлоо дайындалып, экинчи ирет берилген мүмкүнчүлүктө 3 мандатка ээ болушат. Бул сапар да тѳрага шайлай алышпайт. Ошентип, үч ирет өткөн шайлоодо партия 4 мандатка ээ болуп, коалиция түзүп, төрагалык орун 4 мандат менен барган «Таш-Көмүр жаштары» саясий партиясынын энчисине тийген. Бул жерде мыкты уюштуруучулук, алдыны көрө билген көсөмдүктүн пайдасы тийбей койгон жок. Биримдик жана ынтымак менен түптөлгөн шаардык кеңештеги коалиция учурда Таш-Көмүр шаары жана эли үчүн болгон аракетин жумшап жатканына төмөнкүчө токтолду:


"Теңдик, Таш-Көмүрдүн түндүк участогунда жана башка жерлерге 20дан ашуун суу насосторун орнотуп, турмуш-шарты начар, жалгыз бой үй-бүлөлөргө тамак-аш, кийим-кече, акчалай жардам көрсөтүп, шаарды жарыктандыруу үчүн асма шамдар менен камсыздадык. Азыр ден-соолуктун булагы болгон спорту өнүктүрүү үчүн 2 футболдук аянтчанын курулушу бүтүү алдында турат. Мындан тышкары, 2 мечитти куруп, колдонууга бердик, Алдыда дагы бир канча аткара турган иштерибиз бар. Ар бир аткарган ишибиз биз үчүн баалуу. Анткени биз аны элибиз үчүн жасап жатабыз. Биздин жасаган ишибизден ким бирөө пайда тапса, муктаждыгын жойсо ошол биз үчүн чоң бакыт.


Пандемия бизге чоң сабак болду. Бир катар кайрымдуулук иштерин жасадык. Биз, турмушта майда деп көп көңүл бөлбөгөн нерселер кимдир бирөө үчүн чоң бакыт тартуулайт экен. Көр тириликтин көзгө көрүнбөгөн арабасын айдап алып, көп иш бүтүргөнсүп жүргөнүбүз менен эң жөнөкөй нерселер көз жаздымда калып калыптыр", - дейт ал.


Эрк Орозбаев пандемия учурунда өз эсебинен Таш-Көмүр, Шамалды-Сай элине 40 тонна ун, чай-чамек, ун азыктары, медициналык каражаттарды таратканын шаардыктар ыраазычылык менен белгилешет. Динде «оң колуң бергенди сол колуң көрбөсүн» - деп айтылат. Жашоодо ыймандуулукту, адилеттикти туу туткан Эрк мырза бул жасаган иштерин жар салып деле айтып чыккан эмес. Эл деген эл. «Эрден эрдин неси артык, элине калган иши артык”, - демекчи, элге кызмат кылган жигиттин эмгегин эл унутпайт экен.  Жашоодо жетишкен ар бир ийгилигим ата-энемдин ак батасын менен болду деген Эрк мырзанын ата-энеси карапайым адамдар. Атасы өмүр бою айдоочулук менен алектенсе, апасы Гүлнара үй кожойкеси.




Карапайым үй-бүлөдөн чыгып, калкына кызмат кылсам деген Эрк Орозбаев, жогорку кызматка жетиш үчүн сөзсүз ишенимдүү тирегиң же таасирдүү таанышың болуш керек деген стереотипти талкалап, эң башкысы адамдын өзүнө болгон ишеними,  максаты жана талыбаган эмгеги гана маанилүү экендигин кѳрсѳттү.


 

Пикирлер (34)

Коопсуздук коду
Ырысбек матмырзаев
Ассаламу алейкум досум Эркке ишенем 5убак намаз окуйт кудайдан корккон адам таза иштейт колдойбуз
Аида Усенова
Биздин Кыргызстан онугуп алдыга жылсын заманыбыз тынч болсун ийгилик калайм сизге ????????????
Саманаалы
Ажообуз колдош керек!
Элназар Каримбаев
Мемлекет үчүн ак кызмат кылсын
Азат
Келечек алдыда!