Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 10:27
USD
89.00
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.945
0.970

Сегизбаев: Мени камоо - Жаныш Бакиевдин буйругу

22.01.2021 22:32
915
Сегизбаев: Мени камоо - Жаныш Бакиевдин буйругу


Абдил Сегизбаев өзүнө карата козголгон кылмыш иши боюнча АКИпресс агенттигинде өткөргөн маалымат жыйында пикирин билдирди.


Буга чейин Башкы прокуратура ага карата жерлерди трансформациялоодо коррупциялык аракетке барган деген шек менен кылмыш ишин козгогон.


"Мен өзүмө карата кылмыш козголорун билгенмин. Бирок мынчалык маанисиз болот деп ойлобопмун. Кой-Таштагы жерлер мага 2008-2009-жылдары берилген. Ал убакта бийликте Бакиев болгон. Менин биографиямды карасаңар ал убакта мен эч кандай кызматта болгон эмесмин. Мамлекеттик кызматка кирерде бир тууганыма каттаткан элем. Бул боюнча кылмыш ишин ачуу акылсыздык. Коррупция беренеси менен кылмыш козгоо үчүн түпкүлүгүндө бир нерсе болуш керек, бирок менде андай нерсе жок. Мени камоо тууралуу буйрук Жаныш Бакиевден келгени боюнча маалымат келди. Мен бул процессти саясий буйрук деп эсептейм. Алар менден бардык сырыбызды ачып салат деп коркушууда. Мени камаса датим болуп калбайм",- деди Сегизбаев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн