Теке 01, 2024
Убакыт: 16:02
USD
86.10
87.00
EUR
92.30
93.30
RUB
0.975
1.030

Сел жүргөн Ноокатка ӨКМдин тик учагы жөнөтүлдү

29.06.2024 12:24
112
Сел жүргөн Ноокатка ӨКМдин тик учагы жөнөтүлдү


Ноокаттагы Абшыр-Ата эс алуу жайынын жогору жагында селден улам жол бузулуп, өтө албай калган жарандарды эвакуациялоо иштерин жүргүзүүгө 42 куткаруучу чыгып кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Куткаруучулар тобун ӨКМдин Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары жетектөөдө. Анын ичинен 13 куткаруучу Кезарт жайлоосуна чыгып кетишти.

Учурда Ноокаттын сел жүргөн аймагында 46 куткаруучу издөө иштерин жүргүзүүдө. Ал эми 18 куткаруучу селдин кесепеттерин жоюу иштерине тартылды. Мындан сырткары, Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдор департаментинен тартылган 5 адис сел жүргон аймакта изилдөө иштерин жүргүзө баштады.

Ошондой эле селден жабыркаган Ноокат элинен кабар алууга жана куткаруу иштерине ӨКМдин тик учагы учуп кетти.

Эскерте кетсек, күн мурун саат 16:10дор чамасында Ноокат районунун аймагында катуу сел жүргөн. Анын натыйжасында жолдор, көпүрөлөр бузулуп, сел суусу электр мамыларын агызып кеткен. Тилекке каршы сайда суунун жээгинде эс алып жүргөн адамдарды агызып кетип, анын бешөөнүн сөөгү табылып, дагы бирин издөө иштери уланууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн