Бугу 09, 2024
Убакыт: 16:31
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Селекционный айылындагы 500 окуучуга ылайыкталган мектеп жыл аягына чейин колдонууга берилет

22.12.2021 12:20
347
Селекционный айылындагы 500 окуучуга ылайыкталган мектеп жыл аягына чейин колдонууга берилет

Сокулук районуна караштуу Селекционный айылындагы 500 окуучуга ылайыкталган Орок орто мектебинин курулушу бүткөрүү алдында турат. Бул тууралуу Мамкурулуштун басма сөз кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, аталган мектептин курулушу 2019-жылы Бирдиктүү депозиттик счеттун эсебинен башталган.


Курулуп жаткан мектеп эки кабаттуу эки окуу корпустан, спорттук залдан жана өтмө галереядан турат. Жалпы аянты 3220,5 чарчы метрин түзгөн билим берүү объектинин долбоордук кубаттуулугу 500 окуучу орунга эсептелген.


Долбоорго ылайык жаңы мектепте бардык керектүү шарттар түзүлгөн: спорттук зал, жыйындар залы, китепкана, ашкана, дарылоо кабинети, жуунуучу жайлар каралган. Негизги класстык кабинеттерден тышкары мектепте чет тилдер боюнча жана информатика кабинеттери, устаканалар жана кулинария кабинети, химия, физика, география жана биология сабактары боюнча лабораториялары каралган. Класстык бөлмөлөр окуучуларга чакан топ менен жана жеке сабактарды өткөрүүгө ылайыкталган.


Бүгүнкү күндө объект аяктоо алдында турат. Подряддык уюм тарабынан объекттеги бардык курулуш иштери аткарылып бүттү, тышкы жана ички коммуникациялар орнотулду, жабдуулар жана эмеректер алынып, орнотулууда, аймакты көрктөндүрүү жумуштары аяктады. Учурда спорттук залдын жана ашкананын ички жасалгалоо иштери жүрүп жатат. Откана жана сырткы даартакананын курулуштары бүткөрүлүүдө.


Белгилей кетсек, аталган объекттин баасы 106 млн 613 миң 500 сомду түзөт. Курулушту бүткөрүү үчүн 2021-жылы 5 млн 225 миң сом бөлүнгөн. Объектти үстүбүздөгү жылы пайдаланууга тапшыруу пландалууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн