Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 20:49
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

«Селсаяк» аталышындагы иш-чаранын натыйжасында 87 кылмыш аныкталды

«Селсаяк» аталышындагы иш-чаранын натыйжасында 87 кылмыш аныкталды

2020-жылдын ноябрь айынын акыркы күндөрүндө Жалал-Абад облусунун аймагында «Селсаяк» аталышындагы атайын ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады. 


Анын негизги максаты - облус аймагында катталган кылмыштардын бетин ачуу, атайын издөө жарыяланып издөөдө жүргөн кылмышкерлерди кармоо жана кылмыштуулуктун алдын алуу.


Аталган иш-чаранын алкагында облустук милиция тарабынан 2 күн ичинде жалпы - 87 жаран текшерилип, алардын – 32си профилактикалык каттоого алынган. Ошондой эле издөөдө жүргөн – 3 кылмышкер кармалган болсо, анын ичинен бирөөсү   эл аралык издөөдө жүргөн. Андан сырткары – 5 кылмыштын бети ачылып, шектүүлөр тергөөгө камсыздалган.


Учурда облустук милиция тарабынан кылмыштуулуктун алдын алуу, болтурбоо жана болгон кылмыштардын бетин ачуу максатында ыкчам иликтөө иш-чаралары улантылып жатат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн