Бугу 18, 2024
Убакыт: 19:55
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Сенден олимпиада алтынын күтөбүз. Садыр Жапаров Акжол Махмудовду дүйнө чемпиону болушу менен куттуктады

12.09.2022 09:46
770
Сенден олимпиада алтынын күтөбүз. Садыр Жапаров Акжол Махмудовду дүйнө чемпиону болушу менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров дүйнө чемпиону болгон Акжол Махмудовду куттуктады.


“Азаматсың Акжол баатыр! Кыргыз элине эле эмес, жалпы эле күрөш сүйүүчүлөргө кызыктуу күрөш тартуулап, таза жеңишке жетиштиң. Кыргыз эли маңдайы жарыла сүйүнүп, кубанычында чек жок. Бардыгы алкап, олимпиада алтынын күтүп жатканы жашыруун эмес. Сенин да чоң спорттогу башкы максатың ошол болсо керек. Андыктан сага бекем ден соолук, спорттук ийгилик каалайм! Бар бол баатыр!” - деп куттуктаган өлкө башчы.


Эскерте кетсек, кыргызстандык балбан Акжол Махмудов Сербияда өтүп жаткан грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында алтын медаль утту.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн