Бугу 19, 2024
Убакыт: 12:18
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Сентябрь айында троллейбус айдоочуларынын айлыгы 50 миң сомго чейин көтөрүлөт

10.08.2023 17:01
272
Сентябрь айында троллейбус айдоочуларынын айлыгы 50 миң сомго чейин көтөрүлөт


Сентябрь айында троллейбус айдоочуларынын айлыгы 50 миң сомго чейин көтөрүлөт. Бул тууралуу Бишкек троллейбус башкармалыгынын директору Талантбек Капаров билдирди.


Ал 20-августтан тарта коомдук транспортто накталай эмес төлөм киргизилип, буга байланыштуу башкармалыкта айдоочулар менен жолугушуу өткөнүн эске салды.


«Биз эмгек акыны 50 миң сомго чейин көтөрүп жатканыбызды жарыялаганбыз. Бирок айрымдары 60-70 миң сомго чейин жогорулатуу керек деп макул болбой жатышат. Бирок, мекемеде мындай мүмкүнчүлүк жок. Алардын айлыгын эки эсеге жакын көтөрүп жатабыз», - деди ал.


Талантбек Капаров кошумчалагандай, жыйында айдоочуларга айлык акы 2024-жылы каралаары, балким, дагы көтөрүлөөрү айтылган.


«Бүгүнкү күндө биздин штатта 770 кызматкер бар. Алардын 270и айдоочулар, биз алардын айлыгын гана көтөрөбүз. Башка эч кимдики көтөрүлбөйт», - деп кошумчалады ал.


"Бишкек троллейбус башкармалыгынын" жетекчиси 30-40ка жакын айдоочу жумуштан кетүү боюнча арыз жазганын айтты. "Биз аларды карап чыгабыз" деп жыйынтыктады ал.


Белгилей кетсек, бүгүн айдоочулар митингге чыгышкан. Алар буга чейин 100гө жакын адам кызматтан кетүү боюнча арыз жазганын билдиришкен.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн