Аяк оона 23, 2024
Убакыт: 19:20
USD
84.00
84.50
EUR
93.00
94.00
RUB
0.890
0.930

Сентябрда 12 медициналык объекттин курулушу аяктайт

24.08.2020 11:44
1101
Сентябрда 12 медициналык объекттин курулушу аяктайт


Куруу жана оңдоо-калыбына келтирүү иштерине саламаттык сактоонун 14 объектисине жалпы 187 млн сом каржылоо ачылган. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда, бүгүнкү күндө республика боюнча саламаттыкты сактоонун 5 объектисинин курулушу жана 9 оорукананын капиталдык оңдоо иштери толук кандуу аткарулууда.


"Эки курулуш объектиси республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлүүдө. Ал эми “Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду” КФ эсебинен Бишкек, Ош жана Нарын шаарларында инфекциялык ооруканалардын жаңы 3 имаратын куруу жана республика боюнча 9 объектти капиталдык оңдоо түзөө жумуштары каржыланууда.
Сентябрь айында 12 объектти аяктоо пландалууда
", - деп айтылат маалыматта. 


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн