Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 15:36
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Сентябрдан тарта коомдук транспорттор үчүн өзүнчө жол тилкесин бөлүү пландалууда

26.08.2023 10:49
536
Сентябрдан тарта коомдук транспорттор үчүн өзүнчө жол тилкесин бөлүү пландалууда


Бишкекте сентябрдын башында коомдук транспорттор үчүн өзүнчө жол тилкесин бөлүү пландалууда. Бул маалыматты вице-мэрдин милдетин аткаруучу Максат Сазыкулов тастыктады.


Анын айтымында, биринчи тилкелер Түштүк магистрал менен (Абсамат Масалиев көчөсү) 12-кичи райондон Байтик Баатыр (Совет) көчөсүнө чейин жана Байтик Баатыр көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине чейин пайда болушу мүмкүн.


Эң оң жагындагы тилке коомдук транспорттор – автобустар, троллейбустар, кичи автобустар үчүн гана болот.


Вице-мэрдин милдетин аткаруучу ошондой эле бул маселе Бишкек шаардык Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы менен бирге иштелип чыкканын билдирди. Ал ошондой эле мэрия тарабынан Чүй жана Жибек Жолу проспектилерине, ошондой эле коомдук транспорттун негизги агымы жүргөн башка көчөлөргө атайын тилкелерди уюштуруу пландалып жатканын белгиледи.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн