Үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрына чейин транспорт салыгын, 2-сентябрга чейин – турак үй, батир жана жер салыгын төлөө зарылдыгын Мамлекеттик салык кызматы эскертти.
Мекеменин басма сөз кызматы
билдиргендей, арандар салык органына барбастан өзү үчүн ыңгайлуу салыктын төлөө
ыкмасын тандап ала алышат. Салыктарды бардык банктардын кассаларынан, почта
бөлүмүнөн, ошондой эле терминал жана POS-терминалдар, мобилдик жана интернет
банкинг, төлөм карталары аркылуу төлөөгө болот.
Кеңири маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, ошондой эле 1240 номери же www.sti.gov.kg сайты аркылуу алууга болот, деп кошумчаланат маалыматта.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн