Бугу 20, 2024
Убакыт: 19:20
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Сейитбек Турдубеков: “Форма кийип, пагон тагынып, элимдин коопсуздугун сактап жүрүүнү кыялданчумун”

03.12.2020 12:11
519
Сейитбек Турдубеков: “Форма кийип, пагон тагынып, элимдин коопсуздугун  сактап жүрүүнү кыялданчумун”


Сейитбек Турдубеков, Сүлүктү ШИИБнин эсепке алуу, каттоо жана статистикалык иштер тобунун инспектору, милициянын капитаны.


Сейит кичинесинен эле милиция кызматкерлерине абдан кызыкчу, "Чоңойгондо милиция болом" - деп көп ойлончу. Кийин убакыт келип, мектепти аяктагандан кийин ИИМдин милициянын генерал-майору Э. Алиев атындагы Академиясына тапшырып өтпөй калат. Убакытты текке кетирбей каарманыбыз өжөрлөнүп Бишкектеги жогорку окуу жайлардын бирин окуп бүтүрөт. Милиция кызматкери болуу кыялын унутпастан 2012-жылы Кадамжай РИИБине айдоочу кызматкери болуп ишке орношот. Чыныгы милиция кызматкери болуш үчүн билимди жогорулатыш керектигин сезип билген Сейит ИИМдин Академиясын сырттан окуп бүтүргөн. Андан бери көп убакыттар өтүп каарманыбыз милиция кызматынын көп тепкичтерин басып өтүп жаткан кези. Эми кезекти Сейиттин
өзү күбө болгон, башынан өткөн окуясына берсек.


Ал убакта каарманыбыз ыкчам топто иштеп жүргөн кези. Шаардагы телефон
кабелдерин кесип уурдап жатат деген арыз келип түшөт. Атайын бөлүнгөн
топ шектүү жерлерди байкап жүрүшүп, кароосуз калган бир имараттын 
ичинен далил буюмдар табылып калат. "Бул кабелдерди кескен адам  кечинде
алып кетүүгө келиши мүмкүн"
, - деп имараттын айланасына жашынып, акмалап башташат. Түнкү саат 3-00 чамасында бир адам имаратка киргени байкалат, артынан милиция кызматкерлери жүгүрүп киришет. Кылмышка шектүү адам милиция кызматкерлерин байкап калып имараттын батыш тарабынан терезеден
секирип качат. Ал тарапта мурунтан атайын чуңкурда жашынып жаткан ыкчам топтун кызматкери бар эле. Ал  кызматкер уктап калып, кылмышка шектүү адам анын үстүнөн аттап качып кетет. Артынан түшкөн Сейиттин шериктери, качкан адамды бир топ жерге кубалап барып кармап калышат. Ошентип шаарга зыян келтирип жүргөн кылмышкерди колго түшүрүшөт.


Каарманыбыз жана кесиптештери уктап калган кызматкерди көп убакытка чейин тамашага салып күлүп жүрүшкөн. Каарманыбызга “Милиция кызматын тандап алганыңызга өкүнбөйсүзбү?”-деген сурообузга мындайча жооп берди. "ИИОго кирүүмдүн себеби, жаш чагымданэле Ата-Мекенимди коргоону максат кылып, көп ойлоно берчүмүн. Көз алдымда форма кийип, погон тагынып, элимдин коопсуздугун сактап жүрүүнү кыялданчумун. Жаштын тилегин берет дегендей бүгүнкү күндө  алдыма  койгон максатыма жетип, азыркы күндө тартип сакчысымын", - деп маегин аяктады.


Данислан Асамидинов

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн