Бугу 18, 2024
Убакыт: 23:15
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Сыдымановдун соттук иши убактылуу токтотулду

08.06.2020 14:34
963
Сыдымановдун соттук иши убактылуу токтотулду


Блогер Элмир Сыдымановдун иши боюнча соттук териштирүү экспертиза аяктаганча убактылуу токтотулду.

Жактоочусу Али Магеевдин айтымында, бүгүн, 8-июндагы отурумда судья блогердин айткандары боюнча комплекстүү психологиялык-лингвистикалык экспертиза жүргүзүү керектигин айтып, териштирүү ошонун жыйынтыгы чыккандан кийин уланат деген чечим чыгарды.

Сыдымановдун сөздөрүндө кастыкты козутуу барбы-жокпу, экспертиза аныктагандан кийин уланат. Ага чейин сот убактылуу токтотулду”, - деди ал.

Сыдыманов «Инстаграмдагы» баракчасы аркылуу түз эфирде Кыргызстандын айрым облустарында колдонулган сөздөрдү сындаган. Бул окуя коомчулукта кызуу талкууга алынган. Ага Жазык кодексинин 313-беренеси «Расалык, улуттук, диний же аймак аралык кастыкты (араздашууну) козутуу») боюнча айып коюлган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн