Бугу 20, 2024
Убакыт: 05:54
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Сырттан келген гранттар качан жана канча пайыз менен кайтарылары айтылды

11.04.2020 16:45
721
Сырттан келген гранттар качан жана канча пайыз менен кайтарылары айтылды


Кыргызстанга сырттан келген гранттар качан жана канча пайыз менен кайтарыларын Өкмөт Үйүндө болгон маалымат жыйында Каржы министри Бактыгүл Жээнбаева айтты. 


Анын айтуусуна карганда, Эл аралык валюта фондунун ресурстары боюнча карызды тындыруу мөөнөтү  - 10 жыл, Евразия стабилдештирүү жана өнүктүрүү фондунуку – 20 жыл, Азия өнүктүрүү банкыныкы – 32 жыл, ал эми Дүйнөлүк банктыкы – 38 жыл.


“Ресурстардын пайыздык чендери да республикабыз үчүн алгылыктуу. Мисалы, Эл аралык валюта фондунун ресурстары 0,7 пайыздык чен менен берилсе, Дүйнөлүк банктыкы – 0,75 пайыздык чен менен, Азия өнүктүрүү банкыныкы – 1 пайызга чейинки чен менен берилет. Ошол эле убакта берилген кредиттердин шарттарында ар кандай жеңилдетилген мөөнөттөр бар”, - деди Жээнбаева.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн