Бугу 19, 2024
Убакыт: 03:55
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Сыймык Жапыкеев: Коррупцияга каршы күрөштө эң башкысы - саясий эрк

25.12.2020 16:24
810
Сыймык Жапыкеев: Коррупцияга каршы күрөштө эң башкысы - саясий эрк

Экономикалык кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөштө эң башкысы - саясий эрк болушу керек. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын башчысы Сыймык Жапыкеев Бириккен Улуттар Уюмунун Баңгизаттар жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча башкармалыгынын программалык кеңсесинин башчысы Андрей Селезнев менен жолугушуу учурунда билдирди. Мындай маалыматты аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.


Анын айтымында, бүгүнкү күндө ЭККМКнын артыкчылыктуу милдеттери болуп мамлекеттин экономикалык коопсуздугун түздөн-түз коргоо, өлкөнүн бюджетин толтуруу, ишкердүүлүктү жана жарандардын мыйзамдуу кызыкчылыктарын мыйзамсыз кийлигишүүдөн коргоо жана бизнес үчүн эң ыңгайлуу шарттарды түзүү ошондой эле өлкөгө болгон инвестициялардын агымын коргоо болуп эсептелет. Ошондой эле, ЭККМКнын ишинин маанилүү багыттары болуп экономикалык кылмыштардын жаңы түрлөрүнө (псевдо-бизнес, рейдерлик, кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга) каршы күрөшүү жана экономикалык чөйрөдөгү уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү болуп саналат жана анын зыянынан жүздөгөн миллион сом зыян келтирилип жатат.


Селезнев, өз кезегинде, Финансылык полицияны финансылык тергөө жана экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү жаатында потенциалды жогорулатуу жаатында колдоо көрсөтүү менен мындан аркы жемиштүү кызматташууга даяр экендигин кошумчалады.


Жолугушуунун жүрүшүндө өз ара кызматташуунун эң приоритеттүү багыттары каралып, пландарды ишке ашыруу келечеги айтылды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн