“Чоң казат” кыймылынын лидерлеринин бири Сыймык Жапыкеев ЖК депутаты, мурдагы министр Кубанычбек Жумалиевдин мүлктөрү атайын органдар тарабынан текшерилип жатканын кабарлады. Муну Фейсбук баракчасы аркылуу сүйүнчүлөгөн Жапыкеев кийинки кезек Сарпашевде экенин билдирген.
“Достор, сүйүнчү, Кудай буюрса Финполиция укмуш иштеп, бүт болгон мүлкүн спецназ менен Жумалиевдердин особняк, вилла, дворецтеринде обысктар башталды. Финполиция эл менен. Азаматтар, элге тергөөнүн жүрүшүн ачыктап тургула. Кудай буюрса Розочка менен Куба браттын бүт мал-мүлкү мамлекеттин эсебине конфискация болчудай болуп турат. Достор кийинки кезек Сарпашевде”, - дейт ал.
Ошондой эле Жапыкеев Сарпашев боюнча маалыматтарды “Чоң казат” кыймылына берүүнү өтүнгөн.
"Чоң казат" кыймылы буга чейин мурдагы министр Тайырбек Сарпашев тууралуу айтып келгенин эскерте кетели.
Пикирлер (2)