«KG Групп» компаниясынан батир сатып алгандар Финансы полициясына арыз менен кайрылганын бир катар маалымат каражаттары жазып чыкты.
Анда айтылгандай, жалпысынан 22 үй-бүлө аталган компаниянын аракетинен жабыр тарткан. Ошондой эле 11 үй-бүлө азыркы күнгө чейин акча төлөгөнү менен батирлерин ала албай жатканы айтылууда. «KG Групп» компаниясынан жабыркагандардын келтирилген суммасы 1 млн долларга бааланганы да кабарланды. Эми Финполициянын жетекчиси Сыймык Жапыкеев аталган компаниянын ээси Имамидин Ташовго чара көрөбү?
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн