Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасы Сыймык Жапыкеев өзүнүн дарегине айтылган маалыматтар боюнча өзүнүн Фейсбук баракчасы аркылуу жооп берди.
"Сөз жок! Эмне мынча каралап??? Актанбаймын, Жараткандын жана элдин алдында тазамын. Мени жамандагандан бирөө пайда табат го.
Достор, ушундай каралоо күч алды. Коррупция жеңилет буюрса. Коррупция менен күрөшүш оңойго турбайт. Бериптир, алыптыр менен иш бүтпөйт. Элдин алдында жүзүм жарык", - деген билдирүү калтырган.
Эске салсак, буга чейин Финполдун төрагасы тез арада камалат, ага кээ бир ишкерлер көрсөтмө берген деген маалымат тараган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн