Кулжа 29, 2024
Убакыт: 11:51
USD
86.20
87.10
EUR
92.10
93.10
RUB
0.970
1.025

Сыймык Жапыкеевди ким тукурду? Ал ырысын тээп кетти...

29.04.2021 18:16
981
Сыймык Жапыкеевди ким тукурду? Ал ырысын тээп кетти...


Ысык-Көл облусунун прокурорлугуна Сыймык Жапыкеев байланып калбай турганын айтып, маек берген. Айткандай эле арызын жазып кетти. Мамлекеттик кызматта иштеп атып, ал өзүнө карама-каршы сүйлөгөн. Премьер-министр Улукбек Марипов төңкөрүшчүлөрдүн жеңишин уурдап алганын шардана кылып, аны басмырлап, о.э. саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге уу коргошун үчүн кылмыш ишин козгоп, камаш керек экенин билдирген эй! Кыскасы, кетип атып өкмөттү шалбырата эле сындап, мазактады! Эми мындай көрүнүштөн кийин Жапыкеевге кандай баа берилет? Кызматтык этиканы тебелеп-тепсеп, уят кылып салганы өзүнчө кеп. Биздин өлкөдө доңуз копсо да баары бир, туурабы? Эрксизден жылмаясың. “Кухня баатыры” бийликке мынчалык атырылбайт эле, аны арттан кайсы бир саясый күчтөр тукуруп, дагы бир чоң чатакка салганы жатышкан жокпу? Айтор, облпрокурорлукка алымсынбаган Жапыкеев ырысын тээп кетти... 


Булак: "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Мир
Кызмат ырыс емес,ел алдындагы жоопкерчилик.