Бугу 07, 2024
Убакыт: 23:56
USD
88.50
89.40
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.980

Сыймык Жапыкеевдин “кесмелерине” тойдуңарбы?

05.02.2021 09:09
662
Сыймык Жапыкеевдин “кесмелерине” тойдуңарбы?

Урматтуу Садыр Нургожоевич!

Кытайда Элине,   банктары 2% процент менен кредитке  акча  бергендиктен 1,5 миллиард Эли дуулдап өсүп - өнүп жатат.


А бизде жуликтер Элге 28- 35, 40 % менен акча бергендиктен, Элибиз жашап жаткан үйлөрүнөн ажырап, ай талаада калышууда.


Жалаң байлар өкүмөттөн арзан кредит алышып, кайра 30-40 % менен берип, Элдин канын сорушууда.


Урматтуу Садыр иним, ушул жагдайды эске алып, тез арада банктардын пайызын төмөндөтүүгө аракет көрүп берсеңиз, 


Элге - журтка өтө чооң пайда алып келет элеңиз?


Мисалы үчүн, Мамлекет жолдорго же башка максаттарга деле узак мөөнөткө 2% менен 30 -40 жылга кредит алып жатпайбы?


Ошондой эле тартипте 30- 40 жылга 1- 2 миллиар $ долларды  чет элдик каржы булактарынан,  Мамлекет өз кепилдиги менен  2% процент менен алып, кайра Элге 4% процент менен берсеңер Эл- журт да, Мамлекет да ирденет эле да деген ой?


Кыргызстандагы коммерчиский банктардын баары жеп - ичкен олигархтардын банкы экенин билебиз.


Аларды же жаап, болбосо пайызын төмөндөтүүгө  болобу?


Бийликке, кызматка келсем эле банктарды талкалайм, пайыздарын төмөндөтөм, -деп кыйкырып, артынан Элди ээрчитип  келген  Фин.полчу Сыймык Жапыкеев кызматка жетишээри менен, ал айткан  сөзүн таптакыр унутту.


Урматтуу Садыр иним! Элдин ишеничи, үмүтү бир гана Сизде жана Камчыбекте калды.


Элдин- журттун жүгүн, ыйын, үнүн угуп, БАНК системасы боюнча жыйынтык чыгарып, пайызын  минималдык точкага жеткирип 2-4% менен бергенге түшүрүп берүүңүздөрдү  суранабыз, өтүнөбүз.


Фин.полдун башчысы Сыймык Жапыкеевдин созгон ЛАПШАЛАРЫНА ага ишенген Элдер тоюшту бекен?


Исмаил Токобаев

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн