Бугу 02, 2024
Убакыт: 20:06
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.975

“Скайнет Телеком” компаниясына лицензияны мыйзамсыз узартып берүү боюнча УКМКнын жана байланыш агенттигинин өкүлдөрү коррупцияга аралашкан

02.02.2022 10:52
732
“Скайнет Телеком” компаниясына лицензияны мыйзамсыз узартып берүү боюнча УКМКнын жана байланыш агенттигинин өкүлдөрү коррупцияга аралашкан

Башкы прокуратура “Скайнет Телеком” компаниясына мыйзамсыз лицензия берилгени тууралуу коррупциялык ишти аныктады. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.


Кыргыз Республикасынын Аскер прокуратурасы тарабынан радиожыштык спектрин пайдаланууга берилген лицензиянын мөөнөтүн мыйзамсыз узартууга байланышкан дагы бир коррупциялык кылмыштын бети ачылып, иштин тергөөсү аяктап, соттун кароосуна жиберилди.


Тергөөнүн жүрүшүндө, “Скайнет Телеком” жеке компаниясына колдонууга берилген лицензиянын мөөнөтүн мамлекеттик байланыш Агенттигинин жана УКМКнын жооптуу кызмат адамдары аталган компаниянын башчылары менен кылмыштуу сүйлөшүүгө барышып, старттык баасы 6 млн сомдон кем эмес бааланган лицензияны 4 миң АКШ доллар өлчөмүндөгү пара аркылуу мыйзамсыз узартып беришкендиги аныкталган.


Тергөөнүн жыйынтыгы менен “Скайнет Телеком” компаниясынын 2, мамлекеттик байланыш Агенттигинин 2 жана УКМКнын 1 жооптуу кызматкерлери Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (“Коррупция”) боюнча жоопко тартылышып, иш соттун кароосуна жиберилди.


Ал эми, “Скайнет Телеком” компаниясына берилген старттык баасы 6 млн 212 мин 850 сомдук лицензия мамлекетке кайтарылып, мамлекеттик бюджетке 3 млн сом өндүрүлдү.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн