Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 22:32
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Словакиянын президенти Садыр Жапаровду куттуктады

29.01.2021 13:04
494
Словакиянын президенти Садыр Жапаровду куттуктады

Словакия Республикасынын президенти Зузана Чапутова Садыр Жапаровду Кыргыз Республикасынын президенти кызматына киришүүсү менен куттуктады.


«Словакия Республикасынын жарандарынын жана өзүмдүн атымдан Сизди Кыргыз Республикасынын президенти болуп шайланышыңыз менен чын жүрөктөн куттуктаймын. Жооптуу жана маанилүү миссияңызды аткарууда Сизге чыгармачылык күч-кубат жана ийгиликтерди каалаймын.

Учурдан пайдаланып, салттуу словак-кыргыз мамилелерине мен жогору баа бергим келет. Мындан ары да биздин өлкөлөрдүн ортосундагы жигердүү кызматташтык өнүгүп жана тереңдей берет деп ишенемин.

Сиздин жооптуу ишиңизге, айрыкча глобалдык пандемияга жана уланып жаткан климаттык кризиске каршы күрөшүүдөгү оор мезгилде ийгилик, бакыт жана чың ден-соолук каалаймын. Эл аралык кызматташтыгыбыз жана биримдигибиз бизге бул оор мезгилди жеңүүгө жардам берет деген ишеничтемин», — деп белгиленет куттуктоо телеграммасында.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн