Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 19:57
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Сокулук районунда социалдык-эмгек реабилитациялык борбору ачылды

07.02.2023 15:39
367
Сокулук районунда социалдык-эмгек реабилитациялык борбору ачылды

Министрлер кабинетинин төрагасы  Акылбек Жапаров Чүй облусуна жумушчу сапарынын алкагында Чүй облусунун Сокулук районундагы социалдык-эмгек реабилитациялык борборунун ачылышына катышты.


Министрлер кабинетинин башчысы калктын социалдык жактан аяр катмарына жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга колдоо көрсөтүү, атап айтканда, жөлөкпулдардын жана социалдык төлөмдөрдүн өлчөмүнүн жогорулатылышы тууралуу айтып берди.


«Бул максатта республикалык бюджеттен бөлүнгөн жалпы сумма 15,8 млрд сомду түздү. Ошондой эле электр энергиясына болгон тарифтер да 50% төмөндөтүлүп, бала кезинен ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын камкорчулары мамлекет тарабынан өмүр бою камсыздоо алат. Бул багыттагы иштер улантылат. Эң негизгиси, алардын коомдо толук кандуу жашоосуна шарт түзүү», - деди Акылбек Жапаров.


Министрлер кабинетинин башчысы ошондой эле аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө бизнес долбоорлорун ишке ашыруу үчүн 100 миң сом өлчөмүндө каражат бөлүү боюнча долбоорду белгиледи.


«2800дөн ашуун адамга 100 миң сомдон берилип, келечекте үй-бүлөгө киреше алып келе турган социалдык келишимдер түзүлдү. Мамлекет башчынын тапшырмасы боюнча бул долбоорго тартылган үй-бүлөлөрдүн саны 10 миңге чейин көбөйтүлөт», - деп белгиледи министрлер кабинетинин төрагасы.


Андан соң борбордун ачылыш аземи өттү. Министрлер кабинетинин башчысы реабилитациялык борбордун курулушун каржылаган «Ассанабил» кайрымдуулук фондуна ыраазычылык билдирди.


Белгилей кетсек, борбор 3 кабаттан турат, анда студенттер жана окуучулар үчүн окуу кабинеттери, тигүү жана жыгач устачылык цехи, майыптардын арабасын оңдоочу устакана бар. Ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын ыңгайлуу жашоосу үчүн 16 батир каралган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн