Сокулукта 16 жаштагы өспүрүм кызды зордуктаган шектүүнүн үй-бүлөсү айылдан көчүп кетишти. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар билдирди.
Маалыматка ылайык, шектүүнүн үй-бүлөсү кечээ, 8-декабрда оокаттарын жыйнап көчүп кетишкен. Алар Бишкек шаарындагы туугандарынын үйүнө көчүп келишкен.
Белгилей кетсек, 5-декабрда Сокулукта 31 жаштагы жаран 16 жаштагы өспүрүм кызды сабап, күч менен зордуктап салган.
Белгилүү болгондой, Сокулук эли шектүүнүн үй-бүлөсүн 2 күндүн ичинде айылдан көчүп кетүүнү талап кылышкан.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн