Сокулукта ажатканага түшүп кеткен жаран куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Сокулук районунун Шалта айылынын Жусупбеков көчөсүндө жайгашкан үйдүн ажатканасына 1985-жылы туулган Т.М. аттуу эркек киши түшүп кеткен. Жерине 4 куткаруучу тартылып, жогоруда аталган жаранды аман-эсен чыгарышкан
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн