Бугу 10, 2024
Убакыт: 14:26
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Сокулукта алтын, үй буюмдарын уурдаган жаран кармалды

20.09.2021 16:21
1082
Сокулукта алтын, үй буюмдарын уурдаган жаран кармалды


Сокулук районунда уурулукка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, Сокулук РИИБине жергиликтүү жашоочу арыз менен кайрылып, 2021-жылдын 15-сентябрында анын Комсомол айылындагы үйүнө белгисиз бирөө кирип, жеке буюмдарын, зергер буюмдарын жана акчасын  уурдап кеткенин билдирген.


Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КР Жазык кодексинин 200-беренеси (Уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.


Чүй облустук ИИББнин жана Сокулук РИИБнин криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-амалдарынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип 26 жаштагы Г.М. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.


Териштирүү учурунда кылмышка шектүү Г.Мнын дагы ушул сыяктуу кылмыш ишине тиешеси бар экендиги аныкталган. Учурда милиция кызматкерлери тарабынан кармалган жарандын дагы башка кылмыш иштерине тиешеси бар же жок экендиги боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.


Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн