Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 08:15
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

Сокулукта баңгизат өсүмдүк өстүргөн жаран кармалды

Сокулукта баңгизат өсүмдүк өстүргөн жаран кармалды

Чүйдүн Сокулук районунда баңгизаттарды өстүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин Баңгизаттарга каршы күрөшүү кызматынын маалымат бөлүмү билдирди.


Билдирүүдө айтылгандай, Чүй облусунун Сокулук районунда 45 жаштагы жергиликтүү жаран жашыруун шарттарда өсүмдүк баңгизаттарын өстүрүү жана өндүрүү менен алектенип жүргөн.


Кылмыш-жаза кодексинин 268-беренесинин (“Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун максатын көздөбөй сатып өткөрүү жана мыйзамсыз даярдоо) негизинде ыкчам кызматкерлери тарабынан Чоң Чүй каналынын ылдый жагындагы фермада тинтүү жүргүзүү учурунда 722 даана көчөттөр табылып алынган.


Мыйзамсыз жүгүртүүдөн 177 кг 900 грамм баңгизаттарды камтуучу өсүмдүктөр алынган.


Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, сотко чейинки өндүрүш иштери уланууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн