Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 01:56
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Сокулукта каракчылар үй ээсин таяк менен сабап, 1млн 200 миң сомун уурдап кеткен

27.01.2022 13:14
754
Сокулукта каракчылар үй ээсин таяк менен сабап, 1млн 200 миң сомун уурдап кеткен

Сокулук районунда каракчылыкка шектүү жарандар кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.


Билдирүүгө ылайык, 2022-жылдын 10-январында Сокулук РИИБине болжол менен саат 22:45 чамаларында Сокулук районундагы айылдардын биринде каракчылык фактысы болгондугу тууралуу маалымат түшкөн.


Көрсөтүлгөн дарекке дароо Сокулук РИИБнин ыкчам тергөө тобу чыккан. Териштирүү учурунда 33 жаштагы Е.Н. жана 50 жаштагы М.С. аттуу жарандын үйүнө белгисиз беткапчан адамдар кирип, жыгач таяк менен уруп, дене жаракаттарын келтирип, 1 млн 200 миң сом акчасын алып, белгисиз тарапка из жашырып кеткенин билдиришкен.


Бул факты Сокулук РИИБи тарабынан кылмыштардын бирдиктүү реестрине КР Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси (Каракчылык) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.


Чүй ОИИББнын жана Сокулук РИИБнин кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, 26 жаштагы Ш.А., 44 жаштагы Х.Р. жана Ю.И. аттуу жарандар кармалган.


Шектүүлөрдүн биринин жашаган үйүнө жүргүзүлгөн тинтүү учурунда 551 миң сом, ал эми экинчи шектүүнүн үйүн тинтүү учурунда 85 миң сом акча каражаттары табылып алынган.


Териштирүү иштери улантылууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн