Бугу 09, 2024
Убакыт: 08:34
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Сокулукта кошунасы тарабынан 10 жаштагы кызга карата ыплас аракеттер жасалган

02.03.2023 10:46
223
Сокулукта кошунасы тарабынан 10 жаштагы кызга карата ыплас аракеттер жасалган

Сокулук районунда 2013-жылы төрөлгөн кызга карата ыплас аракеттерди жасоо боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирет.


Маалым болгондой, 2023-жылдын 6-февралында Т.Н. аттуу жаран милицияга кайрылып, "М" аттуу кошунасы анын 2013-жылы төрөлгөн кызына карата 2022-жылдын декабрь айынан бери ыплас аракеттерди жасап жүргөнүн айтып, ага карата чара көрүүнү өтүнгөн.


"Аталган жагдай боюнча кылмыш иши козголуп, тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалган.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Тергөө иштеринин натыйжасына ылайык Кыргыз Республикасынын кылмыш жаза кодексине ылайык чаралар көрүлөт",- деп айтылат билдирүүдө.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн