Бугу 18, 2024
Убакыт: 23:53
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Сокулукта мектеп окуучусу спорт залда асынып алган

28.02.2021 13:32
973
Сокулукта мектеп окуучусу спорт залда асынып алган

Сокулук районунда 9-класстын окуучусу спорт залда асынып алган. Бул тууралуу "Турмуш" басылмасы билдирди.


Маалым болгондой, мектеп окуучусу Фрунзе айылындагы N1 орто мектепте окуган. Окуя 23-февралда болгон.


Маалыматты райондук билим берүү бөлүмү тастыктады.


«Бул кыз 74 жаштагы  чоң энесинин колунда тарбияланган. Апасы жакында турмушка чыккан.Ал балдары менен чогуу жашаган . Бирок өспүрүм кыз апасы менен көп урушкан.


Мектеп окуучусу айылдагы жеке спорт залына барып, ал жерде машыгып келген. Кызматкерлердин айтымында, ал ошол күнү ал залдын ачкычын сурап, жалгыз калган. Кечинде саат 18: 00дө анын асылган денесин табышкан. Ал тарбиялуу, үлгүлүү кыз болчу. Ошондуктан алар ишенип, ачкычтарды беришкен», - деп айтылат билдирүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн