Сокулук районунда 14 жаштагы өгөй кызын зордуктоого шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу 24.кг агенттиги билдирди.
Маалым болгондой, 15-май күнү кыздын энеси жергиликтүү милицияга кызын зордуктаган деген айып менен өз күйөөсүнө каршы арыз жазган.
"Кыз аялдын биринчи күйөөсүнөн экени белгилүү болгон. Алар 2012-жылдан бери азыркы ата менен чогуу жашайт. Ата кызын зордуктабаганын айтууда.
Ал шектүү катары убактылуу кармоочу жайга киргизилди",- деп айтылат маалыматта.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн