Бугу 04, 2024
Убакыт: 03:32
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Сокулукта окуучу кыздарды сүзүп кеткен жол тандабастын айдоочусу кармалды

Сокулукта окуучу кыздарды сүзүп кеткен жол тандабастын айдоочусу кармалды

Сокулук айылында мектеп окуучуларын коюп, изин жашырган мас айдоочу кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, 18-февралда саат 07:20да “Ленд Крузер Прадо” унаасы болжол менен 16 жаштагы эки окуучу кызды коюп кеткен. Унаа сүзгөндө кыздар кичи автобустун алдында калган.


Жолтандабастын айдоочусу окуя болгон жерден из жашырган.


Көп өтпөй аталган айдоочу кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ал 29 жаштагы И.А. аттуу жаран экени аныкталды.


Медициналык экспертизанын жыйынтыгында И.А. мас абалында унаа башкаргандыгы тастыкталган.


Тергөө иштери жүрүүдө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн