Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 11:20
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Сокулукта опузалап 150 миң сом пара талап кылган архитектура кызматкери кармалды

Сокулукта опузалап 150 миң сом пара талап кылган архитектура кызматкери кармалды

Сокулук районунун мамлекеттик архитектура башкармалыгынын кызматкери сексен миң сом пара алып жатканда кылтакка илинди. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 27-сентябрында Ички иштер министрлигине Сокулук райондук мамлекеттик архитектуранын “Р” аттуу кызматкери Сокулук районундагы Военно-Антоновка айылындагы жаңы үйдүн курулушуна байланыштуу жана чийме эсептөөлөрдү камтыган архитектуралык долбоорун тез арада аяктап беремин деп 150.000 сом акча талап кылып жаткандыгы жана ага чара көрүп берүү боюнча арыз менен кайрылган.


Аталган арыздын негизинде, ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш жаза кодексинин 343-беренесинде каралган “Опузалап пара алуу” фактысы менен кылмыш иши козголуп Ички иштер министрлигинин ыкчам кызматкерлери тарабынан атайын иш-чара өткөрүлгөн.

Анын жыйынтыгында, ИИМдин Тергөө кызматы жана Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы тарабынан Сокулук районунун Романовка айылындагы Фрунзе жана Гагарина көчөлөрүнүн кесилишинен 80.000 миң (сексен миң) сом пара алып жаткан жеринен Чүй облусунун Сокулук райондук Шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын жетектөөчү адиси 1986-жылы туулган С.Р. кармалды. 

Кармоо учурунда анын шымынын оң чөнтөгүнөн арыз ээсинен алган 80.000 сом акча далил күбө катары алынды.  

Пара алууга шектелген С.Р. Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоо жайына киргизилди. 

Азыркы учурда, ири өлчөмдөгү пара алуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишин ИИМдин Тергөө кызматы жүргүзүүдө.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн