Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 18:46
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Сокулукта өз күйөөсүн өлтүрүүгө шектелип 42 жаштагы аял кармалды

Сокулукта өз күйөөсүн өлтүрүүгө шектелип 42 жаштагы аял кармалды

Сокулук районунда өзүнүн күйөөсүн өлтүрүүгө шектүү аял кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ИИББ басма сөз кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, 2021-жылы 10-июлда Сокулук райондук милициясына Сокулук айылында жайгашкан үйлөрдүн биринде эркек киши бычакталганы тууралуу маалымат түшкөн.


Алынган маалымат боюнча окуя болгон жерге келген милиция кызматкерлери бычакталган жаран 1989-жылкы К.Д.ны экенин аныкташкан. Ал алган жаркатынан улам каза болгон.


Аталган факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинде («Адам өлтүрүү») каралган кылмыш белгиси боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.


Сотко чейин өндүруштүн жүрүшүндө аталган кылмышка шектүү катары каза болгон жарандын 1979-жылы туулган К.М. таттуу аялы кармалды.


Болжолдуу версиялар боюнча жубайлардын ортосунда чыр-чатак чыгып, натыйжада аял күйөөсүн бычак менен жарадар кылган.


Азыркы учурда шектүү Сокулук райондук милициясынын убактылуу кармоо жайына камакка алынып, бардык зарыл экспертизалар дайындалды.


Сотко чейинки өндүрүш уланууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн